Боромбай бий коомдук-саясий ишмер

XIX- кылымдарда кыргыздардын уруу аралык чыр-чатактарынын гана деңгээлинде калбастан өз элинин келечек тагдырына кам көргөн чыгаан кыргыз башчылары тарыхыбызда таасирдүү из калтырышкан.

  Алардын  бири улуу инсан Боромбай Бемурат уулу XIX к. 40-50-жж. кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда көрүнүктүү роль ойногон. Калк кадырына ээ болгон Боромбай бий деген атакка жеткен. Ал XIX к. 20-жж. баштап көркөмү көз талдырган кыргыз бермети Ысык-Көлдү жердеген бугу уруу бирикмесин бийлеген.

Теги Тагай бийдин урпагы Боромбай Бекмурат уулу болжолу 1789\90-жж. туулуп, 1858-жылга чейин жашаган. Анын атасы Бекмурат бий уруулаштары менен XVIII к. биринчи жарымында калмак чапкынынын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө сүрүлүп, болжолу байыркы Ата-Журту Ысык-Көлгө 1774-жылдары кайтып келишкен. Okumaya devam et

Reklamlar
Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

Белек Солтоноев- алгачкы тарыхчы жана агартуучу


 « … Бул тарых кыргыз тарыхынын сапаты жагынан биринчи даражада болбосо да, келерде кыргыз тарыхына түбөлүктүү материал болор деген талап менен ортого салдым» – деп өзүнүн эмгеги жөнүндө жазган Белек Солтоноев  Кыргызстан тарыхын изилдөөчүлөргө табылгыз булак калтырганын ишеним менен белгилейт. Эл тарыхын жазып,  өткөндөгүнү келерки урпактарга калтыруу жөн жай эле адамдардын колунан келе бербесе керек, кыргыз тарыхын жазып калтырууга үңгүлө киришкен алгачкы тарыхчыбыз жана агартуучубуз Белек Солтонгелди уулу табиятынан эле зээндүү, ошол  мезгилдерде баарына эле топ келе берберген,  билимге умтулуусу бууракандаган дарыя сымал,  көздөгөнүнө жетиүүгө умтулуусу учурдун кыйын каргашалуулугуна карабастан жетишүүгө белсенип киришкен кыргыздын мыкты уулдарынын бири катары бааласак төп келет. Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

Бүбүсара Бейшеналиева-урумдан ашкан улуу бийчи

Кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрдүн бири белгилүү советтик балерина Бүбүсара Бейшеналиева- улуттук балеттин өсүп өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлеп, өзүнүн кайталангыз таланты менен кыргыз элинин маданиятынын жаңы бир тармагынынын түптөлүшүнө, бар күчүн жумшаган элибиздин таалайына бүткөн таңдагы балбылдаган бир жылдыз эле.

     Бүбүсара Бейшеналиеванын өнөрү, көп жылдык эмгеги, кыргыз балетинин сценасындагы жараткан даңктуу образдары, искусствого жан оту менен берилгендиги анын жалпы элдик таанылууга алып келди. Сабатуулугу жаңы жоюлуп, жаңы жашоо-турмушту башынан кечирип жаткан кыргыз элине балет жөнүндө түшүнүктү тартуулап, алардын жан дүйнөсүндө төңкөрүш жасоосуна түрткү берген улуу балеринабыздын чыгармачыл зор дарамети болгон. Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

Kыргыз элинин улуу инсаны  Байтик Канай уулу 19 к. экинчи жарымында өзүнүн ири ишмердүүлүгү менен кыргыздарда гана эмес айтылуу  Кокон хандыгы аласкы Россия падышалыгына чейин даңкы чыккан. Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунун атактуу башкаруучусу Байтик баатыр 1820-жылы жарык дүйнөгө келип, пайгамбар жашын ашыра жашап 1886-ж. 66 жаш курагында көз жумган. Байтиктин ата- бабалары илгертеден эле журт башкарган, кыйын кырдаалдарда журт намысын коргогон, элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоого белсенген эрендерден болушкан. Түбү тектүү үй-бүлөдөн чыккан Байтик атына заты жарашкан, эл намысына жараган, эл үчүн кам көргөн, алды артын карап иш кылган, кырдаалга туура баа берип опурталдуу учурларда ыңгайын таап жол салган улуу инсан болушу ажеп эмес эле. Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

Атаке баатыр

Атаке баатыр Тынай бий уулу (болжол менен 1738-ж.туулган-өлгөн жылы белгисиз)- 18- кылымдын экинчи жарымында Чүй өрөөнүндөгү сарбагыш уруусунан чыккан бий. Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыз урууларын башкарган. Тарыхка эли жерин душмандан сактаган баатыр, кыраакы саясатчы жана Россия менен достук мамилелерди орнотуунун демилгечиси катары кирген.

 Атаке баатырдын тушундагы оор  мезгил.

18-кылымдын биринчи жарым жылдыктарында Жунгар  хандыгы кыргыздар жашаган Ысыккөл,Чүй, Талас аймактардын басып алган. Бул мезгил кыргыз эли үчүн өтө оор мезгил эле. Жуңгарлардын (калмактар)  кыргыздарга болгон чабуулу өтө катуу болуп, өзгөчө жырткычтык,  кан төгүү менен коштолгон. Күчтүү жуңгар мамлекетинин ири аскердик күчтөрүнө чыдабаган кыргыз уруулары өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болушкан. Атакенин атасы Тынай бий эли менен Анжиян шаарына жакын аймака көчүп барган. Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

Алымбек датка – Кокон мамлекетинин улуу вазири

Алымбек датка Асан бий уулу (1799-1862-жж) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. XIX к. 30-60-жж. башында Фергана жана Аркалык кыргыздардын арасында айтып бүткүс эмгеги менен жакшы таанылган, зор кадыр – барка ээ болуп, улуттун сыймыгына айланган улуу инсан. Алымбек датка Алай өрөөнүндөгү адыгне уруу бирикмесинин манабы Асан бийдин уулу болгон. Жеринен эле анын ата-бабасы өз заманынын белгилүү инсандары болуу менен бирге кыргыз элинин көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, аттары алыска таанымал эрендерден болушканын тарыхый булактар жана эл эсинде сакталган оозеки айтымдар далилдейт. Алымбек датканын чоң атасы Ажы бий жөнүндө төмөндөгүдөй тарыхый маалыматы учуратабыз.

Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın

«Адам шери» атыккан Ажыбек баатыр

19 к орто ченинде кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүү аракетине барандуу салымын кошуп, элин жерин тыш тушмандардан коргоп, ат жылынынан түшпөгөн, ошол эле мезгилде элинин тынч турмушта бакыбат жашоосунун камын көргөн жол башчы айтылуу Ажыбек баатырдын «Эл четинде, жоо бетинде» жүргөн эрдиктерин жогору баалаган, алгачкы тарыхчыбыз Белек Солтоноев өз эмгегинде аны «Адам  шери» деп жазган экен.

Okumaya devam et

Genel içinde yayınlandı | Yorum bırakın