Атаке баатыр

Атаке баатыр Тынаий уулу (болжол менен 1738-ж.туулган-өлгөн жылы белгисиз)- 18- кылымдын экинчи жарымында Чүй өрөөнүндөгү сарбагыш уруусунан чыккан бий. Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыз урууларын башкарган. Тарыхка эли жерин душмандан сактаган баатыр, кыраакы саясатчы жана Россия менен достук мамилелерди орнотуунун демилгечиси катары кирген.

Атаке баатырдын тушундагы оор  мезгил.

18-кылымдын биринчи жарым жылдыктарында Жунгар  хандыгы кыргыздар жашаган Ысыккөл,Чүй, Талас аймактардын басып алган. Бул мезгил кыргыз эли үчүн өтө оор мезгил эле. Жуңгарлардын (калмактар)  кыргыздарга болгон чабуулу өтө катуу болуп, өзгөчө жырткычтык,  кан төгүү менен коштолгон. Күчтүү жуңгар мамлекетинин ири аскердик күчтөрүнө чыдабаган кыргыз уруулары өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болушкан. Атакенин атасы Тынай бий эли менен Анжиян шаарына жакын аймака көчүп барган. Атаке баатыр болжолу 1738-жылы  төрөлүп, балалык чагы Анжиян аймагында өткөн. Атаке кичине кезинен эле зирек чыгып, аскердик өнөргө кызыккан. Анжиян жергесинде бой жеткен Атаке, өзү курдуу балдар менен атасы Тынай бийдин аскер башчысы Эр  Солтонойдун колунда машыгуудан өтөт. Атаке ат үстүндө найза сайып, шалк этме менен салгылашуу жолдорун үйрөнөт. Элинин оор абалы, мекенинин душмандын кол алдында калышы жаш Атакенин тынчсыздандырып, келечекте өз жерлерин душмандын колунан бошотууну көксөгөн. Бул максатка жетүү үчүн Таластык саруу Олжокенин баласы Бердике менен бир топ жигиттердин башын кошуп, аларды ат үстүндө жүрүүгө, жаа тартып, мылтык атууга үйрөтүп, жуңгарлардан кыргыз жерлерин бошотууга бел байлаган. Атаке менен Бердикенин бул иши алардын ата мекенине болгон сүйүүсү, душманына болгон жек көрүүсүн күбөсү болуп, баатырдык ишке башат койгондуктарында эле.

Атакенин баатыр аталышы

18-кылымдын кыркынчы жылдарында жуңгар мамлекетинде ич ара чыр-чатактар күч алган. Жуңгалардын күчтүү ханы Галдан-Церен 1745-жылы дүйнөдөн кайткандан кийин мамлекеттеги биримдик начарлап,  мураскорлордун ортосундагы кандуу согуш башталган. Бул абалдан пайдаланып, жуңгалар басып алган жерлерде боштондук күрөштөрү башталган. Тынай бийдин эли ата конушуна көчөт. Атаке баштаган кошуун Тогузторо аркылуу Таласка ашып, андагы жуңгалардын колун талкалап, аймакты бошоткон. Атаке менен Бердике жан аябай салгылашып чоң эрдиктерди көрсөтүп жигиттерине дем күч болушкан. Алар качкан калмактардын артынан кууп, Чүй өрөөнүнө түшкөн. Чүй дарыясынын колун топтоп күч жыйнаган калмактар, кууп келе жаткан кыргыздардын жолун тоскон. Эки жактан тең айыгышкан кармаш башталган. Атаке жана Бердикенин жетекчилигиндеги кыргыз жоокерлери жан аягыз согушта жеңип чыгып, калмактар чегинүүгө мажбур болду. Чүй өрөөнүн биротоло боштуу үчүн чечүүчү салгылашуу Токмоктун түштүк тарабындагы Көкжар капчыгайында болот. Ушул салгылашта Атаке эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп, жуңгарлардын атактуу баатыры Доргулду аттан ыргыта сайып башын алган. Башчысынан ажыраган жуңгарлар туш келди качып, жеңилүүгө аргасыз болушкан. Атакенин жигиттери согушуту улантып Чоңкеминди бошотуп, Торуайгыр ашуусу аркылуу Ысыккөл өрөөнүнө түшүп, көлдүн түндүк тарабын душмандардан бошоткон.

Бул мезгилдердеги Атакенин эр жүрөктүүлүгү, аскердик өнөрдүн мыкты өздөштүүсү анын эл алдында кадыр-баркын көтөрүп баатыр наамына ээ болгон. Атаке баатыр 18 к-дын 70-жылдары казактар менен болгон согушта да өз эрдигин далай жолу далилдеп кыргыз жерлерине кирип келген казак баскынчылыгын токтотууга көп күч жумшаган.

Саясий ишмердиктин башталышы

Мезгил өткөн сайын Атаке баатырдын калмактарды жеңип, казактар менен тынбай согушуп, эл жерин сактоосу анын даңазасын көтөрүп коңшулар,  аны менен мамиле түзүүгө аргасыз болушкан. Атаке баатыр кылдат саясатчы, кыраакы дипломат, акылман башкаруучу болгон. Кыргыз элин өзүнө баш ийдирип, аларды салык төлөп туруусуна жетишүү үчүн  Кокон ханы Нарбото, Атаке баатырды ордосуна чакырып сүйлөшүү жүргүзгөнү кыргыз санжырасында айтылып калган. Бул сүйлшүүдө кыргыз элинин эркиндигин, эч кимге баш ийбей тургандыгын Атаке баатыр далилдеген. Ал Нарбото бийдин кылтагына илинбей анын суроолоруна чукугандай сөз таап, сүйлөгөнү бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып калган.

Акылман башкаруучу, сөздүн ыгын таап Кокондуктарга баш ийбей турганын ачык билдириген.

Атаке баатырдын Россия менен байланышы

18-к аякы жылдары Түндүк Кыргызстандын аймагына көз арткан душмандын саны көбөйгөн. Чыгыштан Кытайдын Цин падышачылыгы, батыштан Кокон хандыгы, ал эми түндүктөн казактардын кол салуусу күтүлүп кырдаал оордошкон. Кыргыз урууларынын ич ара чатагы, биримдиктин жоктугу абалды ого бетер күчөткөн.     Мындай кырдаалдан чыгуу максатын көздөп журт башы акылман Атаке баатыр Түндүк Кыргызстандагы уруу башчыларын чогултуп курултай өткөрүүнү чечкен. Мында абалга туура баа берүү,  келечекте кандай аракетке өтүү керектиги талкууланмак. Курултайда улук бийлердин ар кандай жолдорду тандоо талкууланып ар кими өз пикирлерин айткан. Акыры сөздү Атаке баатыр алып:- « +зүңөр көрдүңөр, ардактуу журт башчылары, кай жагынан алба орустар менен кол кармашпасак болбой калды. Ак падышанын букаралыгын алалы. Кыргыздар кыйын эл болгон деп айтчу экен илгерки акылмандар. Колдун бир манжасынан эч нерсе келбейт. Ал эми беш манжа муштум болуп түйүлсө, өзүнчө бир күч. Эгер кырк уруу кыргыз душманга бир муштумдай түйүлсөк, ким бизге даай алат? Сиздер макул болсоңуздар, ак падышага элчи жөнөтөлү!». Бул сунушка кыргыз бийлери макул болушкан. Атаке баатыр Россиянын борбору Санкт-Петербургга алгачкы элчилик жиберип, Россия менен алгачкы дипломатиялык байланышты баштаган. Элчилери Абдырахман менен Шергазы аркылуу Россия императору Екатерина 2ге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун өтүнгөн жана кыргыз жергеси аркылуу өтүлүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. 1785-жылы жөнөгөн,  кыргыз элчилерин 1786-ж декабрда Екатерина 2 жылуу кабыл алган. 1787-ж падыша айымдын атынан жазылган кат Атаке баатырга жөнөтүлгөн анда: бийдин достугу жөнүндө сунушу кабыл болуп «орус соодасын кеңейтүүгө жардамдашуусун» өтүнгөнүн билдирген. Ошентип Атаке баатыр  Россия менен алгачкы дипломатиялык байланышты түптөгөн.

Атаке баатырдын кыраакылык саясатынын негизинде түндүк кыргыз элинин Россия менен мамиле түзүп, алардын ишенимине кириши, бул элге дагы бир топ убакытка чейин тынччлыкты, бейкуттукту берген. Атаке баатырдын бул иштери өз мезгилинин эң ири тарыхый ишмери экендигин далилдеп турат.

Ормон хан

Кыргыз тарыхында өзгөчө орунга ээ болгон,  Ормон Ниязбек уулу 19 к. ортосунда Түндүк Кыргызстанды бириктирүүгө аракет кылган сабагыш уруусунан чыккан манап. Ал 1791-жылы Чоңкемин өрөөнүндө төрөлгөн. Ормон Ниязбек уулу өз мезгилинин залкар ммлекеттик ишмери, чыгаан колбашчысы, айлакер дипломат, кыраакы саясатчысы болгон. Анда мындай сапаттардын пайда болушуна ошол мезгилдеги заман өз таасирин тийгизген.

19 к биринчи чейрегиндеги сарбагыш менен саяктардын ортосундагы чыр чатак  Ормондун эртелеп өз уруусунун жерин,  элин коргоп жоого каршы аттанышына себепчи болгон. 1807-жылдары Нарын, Кочкор, Жугалдагы саяктардан көп кол кураган Качыке бий Чүйдөгү сарбагыштарга кол салган. Алар сарбагыш айылдарын чаап миңдеген жылкыларды айдап кеткен,  бул кабарды уккан сарбагыш бийи артынан куугунчу жиберген. Ошентип 17 жашында Ормон жоого каршы аттанып, айыгышкан согушта колго түшкөн. Сегиз ай туткунда жүргөн Ормон акыры айласын таап качып кутулат. Сарбагыш  менен саяктардын ортосундагы бул согуш Ормондун жашоосуна терең из калтырып анын кийинки өмүрүндө чоң бурулуш жасаган. Жоокерчилик замандын өз тартибине түшүнгөн Ормон туткундан бошоп келгенден кийин чыгаан жигиттерди жыйнап согуш ишин үйрөнүүгө өтөт. Алар мыкты аттарды тандап минип, найза сайыш, кылыч чабыш,  ок атыштын  ыкмаларын өздөштүрүшөт. Ормон атасынын ордун басып бүткүл сарбагыш уруусунун манабы болгондон баштап, башка уруулар менен ымала түзүү менен аларды өз айланасына тартуу иштерин баштаган. Бул саясат кудалашуу,  достошуу аркылуу ишке ашкан. Алсак аталаш иниси Төрөгелдиге солтонун бийи Канайдын кызын алып берип, солтонун мыктылары менен куда-сөөктөшөт. Саяктардын атка минерлери Медет датка менен мамиле түзүп, Чыны бий менен достошот. Бугулардын бийи Боронбайдын уулу +мүрзакка өз кызы Куланды турмушка берет. Чериктердин Ажыбек батыры менен дос болуп, атактуу Тайлак баатырдын уулу Осмон менен  улуу уулу Үмөтаалыны достоштурат. Натыйжада Ормондун таасири Жумгал, Көл, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа аймактарына чейин тараган. Ормон Алайлык адыгине уруу бирикмесинин жол башчысы Алымбек датка, саруу Ажыбек датка, кушчу Бүргө баатыр  менен байланышты бекемдөөгө умтулган. Ошол мезгилде Бишкек, Куртка чептеринде бир кыйла сарбыздары бар Кокондук бектер да ага ачык кысым көрсөтүүгө дааган эмес. Атүгүл Мадалы хан (1822-1842) Ормонго кымбат балуу белек-бекчектерди тартуулап, кымкап чапан жаап парваначы наамын ыйгарган. Бул наам хандан кийинки эле миңбашы-вазирге тете мартаба болуп эсептелген.   Мындай жогорку даражага ээ болгон Ормон,  Кокон хандыгынын кылтагына илинген эмес, ал   ойлогон оюн ишке ашырууга бел байлаган,  көздөгөн максатына умтулган инсан эле. Жетишээрлик кадыр-баркка  ээ болгон Ормон эми өз ичинде көптөн бери сакталып келе жаткан максатын ишке ашырууга киришкен. Анын негизги максаты бытырап башы бирикпей башкаларга жем болуп,  ал тургай өз ара чыр чатактан башы чыкпаган түндүк аймактарында жашаган уруулардын башын кошуп бирдиктүү мамлекет түзүү эле.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон кокондук баскынчыларга тизе бүкпөй кыргыздын башын бириктирип түндүк көтөрүү, өзүнчө хандыкты түзүү үчүн оңтойлуу учур 40-жылдардын башында келди.

Бул мезгилдерде Кокон мамлекетинде ич ара бийлик талашуу болуп Мадалы хан өлтүрүлүп Шералы хан көтөрүлөт. Кокондуктардын түндүк кыргызстандагы бийлик өкүмү алсырай түшкөн. Дал ошол жылы көздөгөн максатына жетиш үчүн Ормон Балыкчыда 1842-жылы түндүк кыргыз урууларынын курултайын өткөрөт. Ага Талас, Чүй, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Кетмен-Төбөдөн, Көлдөн көптөгөн өкүлдөр келген. Ормон курултайда ошол мезгилдеги оор абалды элге айтып: « Биз бирикпесек кыргыз болбой калабыз. Бир муштумга түйүлөлү. Кокондун ханы бар, Кашкардын кожосу бар, Калмактын тайшасы бар, бул эле Казактардын султандары бар. Биз болсо, ар кимибиз өз уруубуздун арсыз намысын тутуп, чачырап, бириге албай жүрөбүз. Минтип жүрө берсек, эл-жерибизди жоготуп алабыз. Биз да биригели. +зүбүзгө хан шайлап алалы. Ханды эл шайлайт. Ошол үчүн ушул курултай чакырылды» – деп элге кайрылган. Курултайдын кадыр-барктуу катышуучулары Ормон көтөргөн негизги маселени жакшылап талкуулап, акыры хандык бийликти мыктылардын-мыктысы Ормонго сунуш кылышкан. Эл макул көрүп,  илгерки ырым менен 9 ак боз бээ союлуп, ак кийиз жайылып, айтамгалуу кызыл кымкап менен тышталган кызыл тебетей кийгизилип Ормон хан көтөрүлөт. Атактуу окумуштуу С.Абрамзон  хан көтөрүү аземине солто уруусу Жаңгарачты,  саяктар Медет датканы, бугулар Балбайды, сарбагыштар Жантайды ал гана эмес Кокондуктар да өз өкүлдөрүн жөнөткөнүн жазат. Ал эми элдик санжырадагы маалымат боюнча курултайга бугудан Борнбай, Муратаалы, сарбагыштан Калыгул олуя, Төрөгелди, Медербек, саяктан Качыке, Алымбек, Чыны, чериктен Ажыбек баатыр, саруудан Ажыбек датка ж.б. катышат. Айрым маалыматтар боюнча бул салтанатка Алай, Анжиян тараптагы кыргыздардын атынан Алымбек датка катышып, Ормондун ой-максаттарын колдогон. Ошентип иш жүзүндө түндүк кыргыздар көз каранды эместикти жарыялаган маани-маңызы терең окуяны жаратышты.

Батыш Сибирдин генерал-губернатору топтогон кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда: « 1842-жылы Мадалы хан Бухаралыктар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин жана Кокондогу тополоңдун учурунда кара кыргыздардын башкы уруулары өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялашты»- деген кабар жазылган.

Хандыктын ички жана тышкы саясаты

Хандык бийлик алгач кыргыз уруу-уруктарынын арасында коомдук тартипти чыңдоодон баштайт. Уруу ортолорундагы чыр чатактарга бөгөт коюлат. Уурулукка тыюу салынат, эгер уурулук менен кармалса ал тогуз айып төлөмөк.  Кудалашкан кайын-журту бар кызды ала качкан кишиге 40 жылкы айып салынган. Киши колдуу болгон эркектин куну үчүн 300 жылкы, аялдын куну үчүн 150 жылкы белгиленген. Мындай тартип уруу арасындагы тынчтыкты камсыздап, ынтымакты күчөткөн.

Хандык бийликтин негизги таянычы болуучу мекемелер: Чоң Кеңеш, Кичи Кеңеш, сот, аскер, тышкы иштер, элчилер сыяктуулар уюштурулуп, адат-нарктар мыйзамга ылайыкташтыруу аракеттери жүргөн. Белек Солтоноев өз эмгегинде « Ормон хан болуп турганда, солто, саяк, бугу, таластык кыргыздардын арасында уурулук, чыр-чатак согуштары болгон эмес», деп жазат.

Ал эми тышкы саясат мамлекеттин чек арасын коргоо жана аны кеңейтүү багытында жүргөн. Ормон хан Кашкар, Кокон, Казак тараптагы чек араларды бекемдөөнү көздөп, Курткадан, Көл өрөөнүнөн кокондук сарбыздарды кууп чыккан,  Сан-Ташка таштан коргон курдурган. Каркырадагы чек арага көз салууну хан кудасы Боромбайга,  Ак-Сай, Арпа аркылуу өткөн чек араны кайтарууну улуу баласы Үмөтаалыга тапшырган. Ормон хандын өзү Иле өрөөнүнө көчүп барып кыргыз-казак жеринин чегин ажыратууну көздөгөн. Максаты Аблай хандын чапкынында казактардын карамагына өткөн кыргыздын Иленин башындагы жерлери-Сары Токум, Үч аралды кайтарып алуу жана кыргыз мамлекетинин ээлигин кеңейтүү болгон.

Аймактарда эл аралык абалдын барган сайын курчуп бара жатканын байкаган кылдат дипломат Ормон хан 40-жылдардын аягынан тартып Россиянын күч кубатуу өлкө экенине көзү жетип, аны менен жакындашып ынтымак түзүүнү чечкен.

Түндүк кыргыз уруууларын бириктирген мамлекеттин түзүлүшү жана Россия менен болгон ынтымак байланышы хан Кененин кыргыздарга жасаган 1845-1847-жылдардагы талоончулук согуштарарында жеңиштин кыргыздар тарапта болушун камсыз кылды. Казактар менен болгон бул согушта Ормон хандын  мамлекеттик ишмер гана эмес кырааакы кол башчы экенин да көргөздү. Анын акылмандык менен башкарган колу жана согуштук стратегиясы 10 миң колу бар 1500 ашык мылтык жана 2 замбирек менен куралданган мыкты согуштук тажыйрбага ээ хан Кененин аскерлеринин жеңилишин камсыз кылды. Кыргыз элинин «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» биримдиги, Ормон хандын айланасына бекем баш кошуп бирдиктүү мамлекеттин түзүлүшү өзүн актады.

Россиянын падыша өкмөтү,  айыгышкан жоосу хан Кененин аскерлерин талкалагандыгы үчүн 1847-жылы Ормон ханды алтын медаль, мактоо баракчасы менен сыйлап, алтын жакалуу чепкен тартуулаган. Мындан тышкары кийинчерээк подполковник наамын ыйгарган.

Ормон хандын өлүмү.

Ормон хандын жүргүзгөн саясаты өз маалында өтө ийгиликке жетишкен. Бирок канга сиңип калган уруучулук, ар бир уруунун башчысынын мен-менсинүүсү калптанып келе жаткан кыргыз хандыгына балта чапты. 19 к.50-жылдарында Сарбагыш менен Бугу уруусунун ортосунда кайтадан чыр-чатак башталып, мунун айынан 1854-жылы Ормон хан дүйнөдөн кайтты. Эл биримдигин, ынтымагып ойлоп Ормон хан тарабынан негизделген кыргыз хандыгы кыйрап калды.

Ошондой болсо да Ормон хан элдин эсинде кыргыз жерин душмандардан калкалаган кыраакы кол башчы, Ата журттун коопсуздугун коргой алган, биримдигин чыңдаган мамлекеттик ишмер катары сакталып калды.


Bu yazı Genel içinde yayınlandı. Kalıcı bağlantıyı yer imlerinize ekleyin.

Yorum bırakın